Блогер Айбек Улановго кылмыш иши козголуп, камакка алынды

Блогер Айбек Улановго кылмыш иши козголуп, камакка алынды

Өзгөндө күйөөсү тарабынан каза тапкан Айзирек тууралуу өз баракчасында жалган маалымат таратып, аброюна шек келтирген блогер Айбек Улановго кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Милициянын маалыматында, блогер өзүнүн жеке баракчасында маркумдун аброюна шек келтирген, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап, коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Мындан улам ал Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилген. Анда Айбек Уланов кылган аракеттерине өкүнүп, жарандардан жана маркумдун жакындарынан кечирим сураган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Бирок ал кийинчерээк кайрадан түз эфирге чыгып, коомчулукка терс таасирин тийгизген билдирүүлөрдү жарыялап, кырдаалды курчуткан.

Жогоруда көрсөтүлгөн тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен  Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 1994-жылы туулган шектүү Айбек Уланов Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айылынан кармалып борбордук милициянын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, шектүү наркология жана психиатрия борборуна жеткирилген. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын баңги заттарды колдонуудан кийинки мас абалында болгону аныкталган.

Эске салсак, 26-май күнү Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районуна бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине барып келген кийин күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Дарыгерлер анын октон алган жаракатынан өлгөнүн ырасташкан. Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, өлкөдө аялдардын коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>