ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Блогер «Sydyman» эки айга камакка алынды
19.02.2020 | 09:29
“Sydyman” деген ат менен таанымал блогер Элмир Сыдыманов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Чечимди Октябрь райондук соту чыгарып, шектүү №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилген.
Блогер буга чейин өзүнүн “Инстаграм” баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.
Милиция аны 17-февралда Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) кармаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар