Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Блогерлерди жалдоо боюнча тендер болбой калды
29.09.2021 | 13:40
Социалдык тармактарда полиомиелит жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн маалыматтык өнөктүк үчүн тендер болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева Facebook баракчасына жазды.
“Дээрлик 1,5 млн. сомго блогерлердин кызматына тендер жарыяланганы боюнча маалымат жетээри менен аны жокко чыгаруу чечими чыкты. Бул бюджеттик каражатты максатсыз чыгым кылуу деп эсептейм. Ошол себептен бул тендер болбой калды”, – деп жазган.
Буга чейин 1 миллион 4 жүз миң сомго блогерлер үчүн тендер жарыяланып, каражат 1,5 жыл бою бир канча блогердин эмгегине жана маалыматтык өнөктүктү калк арасында таратууга жумшаларын айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика