БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Улуттук Банктын төрагалыгына жаңы талапкер каралып жатат
29.09.2021 | 13:03
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук Банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги каралып жатат.
Кубанычбек Бөкөнтаевди Президент Садыр Жапаров сунуштаган.
Бул мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз арызы менен кеткен.
Кубанычбек Бөкөнтаев 1969-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунда туулган. Анын Улуттук банкка төрага болушу күтүлүүдө.
- 1992 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
- 1992 — Кыргызстандын коммерциялык банктарында экономисттен тарта директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучуга чейин жеткен;
- 2003 — “Экономика. Банки. Бизнес” гезитинин башкы редактору, башкы директор;
- 2006 — 2010 – президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
- Мындан тышкары, ал Кыргызстандын депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат