Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинде алтын байге тагынды.
Аталган мелдеш Болгариянын София шаарында өттү. Ал 2-мартта башталып, бүгүн, 5-мартта жыйынтыкталды.
Финалда Махмудов армениялык Малхас Амоян менен күрөшүп, беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Акыркы болуп упайды Махмудов алгандыктан, жеңиш кыргызстандык балбан тарапта болду.
Эскерте кетсек, Махмудов 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштаган.
Биринчи беттешинде норвегиялык Жоан Аакты 6:1 эсебинде уткан. Андан кийин 1/8 финалда грециялык балбан менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми, чейрек финалда польшалык балбандан күчтүү чыккан(10:0).
Жарым финалда Акжол Махмудов норвегиялык балбан менен күрөшкөн. Кармаштын биринчи бөлүгүндө Махмудов 2:0 эсебинде алдыда келе жатканда, күрөш учурунда, атаандашы жаракат алып, беттешти уланта алган жок. Ага байланыштуу жеңиш Махмудовго ыйгарылган.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган мелдеште Жоламан Шаршенбеков алтын уткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз