Болгариялык Айк Мнацаканян Махмудов менен бешинчи беттешин өткөрүүнү каалайт (видео)

Болгариялык Айк Мнацаканян Махмудов менен бешинчи беттешин өткөрүүнү каалайт (видео)

Болгариялык балбан Айк Мнацаканян кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен бешинчи беттешин өткөрүүнү каалай турганын билдирди. Бул тууралуу ал россиялык спорттук журналист Вячеслав Абдусаламовго курган маегинде билдирди.

Мнацаканян журналаситтин суроосуна жооп берип жатып Алматыда өтө турган Professional Wrestling League-8 мелдешине катышып калышы толук мүмкүн экенин, азырынча атаандашы ким болору белгисиз экенин айтты.

Журналист ким менен күрөшкүсү келерин сураганда, Акжол Махмудов менен бешинчи беттешин өткөрүүнү каалай турганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин алар төрт жолу кез келип, анын үчөөндө Махмудов утса, бирөөсүндө ал жеңүүчү болгон.

Ал Махмудовдун деңгээлиндеги спортчуну жеңүү үчүн аны таң калтыра тургандай, күтүлбөгөн күрөш көрсөтүш кере деген ойдо.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов менен Айк Мнацаканян соңку ирет Германиянын клубдук чемпионаты Бундеслигада 2024-жылы ноябрда күрөшкөн. Анда Махмудов атаандашын 7:5 эсебинде жеңген.

Махмудов Алматыда февралда өтө турган Professional Wrestling League-8 (мурда Poddubny Wrestling League деп аталган) мелдешине катышууга даяр экенин айтканын жакында эле мелдештин уюштуруучулары билдирген.

Акжол Махмудов Алматыда өтө турган PWL-8 мелдешине катышууга даяр

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>