Жапаров: Жалган маалымат тараткандардын башынан сылап отурбайбызСадыр Жапаров коррупция тууралуу билдирүүгө чакырды: Мен силер тарапта боломОш шаарында жапон тили боюнча акысыз курстарга кабыл алуу башталдыКыргызстан өзүн жашылча, картошка жана сүт менен толук камсыздайтЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук бердиМаданият министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады
Таласта 10,8 млн сомдук 9,43 гектар жер мамлекетке кайтырылды
24.01.2025 | 18:01
Таласта мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Таластын прокуратурасы текшерүү учурунда Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтүндөгү 9,4 гектар жер аянты жана Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүндөгү 300 чарчы метр (3 сотых) жер тилкеси жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнү аныктаган.
Текшерүүнүн натыйжасында баасы 10 млн 893 миң сомду түзгөн 9,43 гектар жерлер мамлекеттин менчигине кайтарылган.
“Бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом