Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Борбиев Болотбек Ибраимович Америка Кошмо штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.
РЕЗЮМЕ
1967-жыл-24-апрелде Жалал-Абад облусу, Токтогул районунда туулган.
Үй-бүлөлүү, үч балалуу.
1991-жылы – Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган. Адистиги – автомобиль жолдору, квалификациясы – инженер-куруучу.
1996-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин юриспруденция адистиги.
Эмгек жолу:
1985-1986 — СССРдин Куралдуу күчтөрүнде кызмат өтөгөн. Белоруссияда танка аскерлеринин курамында курсант, танкалык окуу отрядынын командири, танкалык окуу взводунун командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн.
1991-1993 — Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автоинспекциясынын жол кыймылын уюштуруу бөлүмү, инженер.
1993-2001 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекциясынын жол кыймылын уюштуруу башкармалыгы, улук инженер.
2001-2002 — Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгы, начальниктин орун басары.
2002-2005 — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысы.
2005-2006 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги.
2006-2007 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгынын жол күзөт кызматынын жана жол көзөмөлүнүн ишин координациялоону уюштуруу бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө боюнча улук инспектору.
2007-2008 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысынын орун басары.
2008-2010 — Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.