Боом капчыгайында саат 05:00дө экинчи жол тилкеси ачылды. Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, унаа жолун тазалоо иштери уланууда.
30-июль күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин 850 гектарга жеткен капчыгайга сел түшкөн. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-130-чакырымында сел агындары жолду тосуп калган.