2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады
Кыргызстандык балбан Жаркынай Дүйнө чемпионатында коло утту
31.07.2022 | 13:12
Кыргызстандык спортчу Жаркынай Нурлан кызы 17 жашка чейинки (U17) кыздар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Мелдеш 25-31-июль күндөрү Италиянын Рим шаарында өтүүдө.
Жаркынай Нурлан кызы 65 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Ал алгач түркиялык спортчуну 6:2, чейрек финалда индиялык кызды 4:2 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда жапониялык кызга утулуп, коло медаль үчүн күрөшүүгө чыкты.
Үчүнчү орун үчүн кармашта америкалык Сидней Перрини 7:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль багындырды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт