Борбор Азиянын төрт аймагын бириктирген жаңы туристтик маршрут түзүлдү

20.08.2025 | 14:11
«Түркмөнстан – Хорезм – Каракалпакстан – Казакстан»  туристтик маршрутунун картасы

Борбордук Азияда «Түркмөнстан – Хорезм – Каракалпакстан – Казакстан» багытындагы айланма туристтик маршрут түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Өзбекстандын президентинин туристтик секторду өнүктүрүүгө жана 2025–2026-жылдардагы туристтер агымын көбөйтүүгө багытталган жарлыгынын негизинде ишке ашырылган.

Аталган туристтик маршрут төрт аймакты камтып, туристтерге комплекстүү маданий-маалыматтык программаны сунуштайт. Анын алкагында, туристтер төмөнкү туристтик багыттар боюнча саякттоого мүмкүнчүлүк алышат:

  • Гастрономиялык туризм – ар бир өлкөнүн салттуу тамактарын даамын татып көрүү;
  • Экологикалык туризм – уникалдуу табигый ландшафттардын фонунда эс алуу;
  • Этнографиялык туризм – элдик салттар, үрп-адаттар жана кол өнөрчүлүк менен таанышуу;
  • Диний туризм – диний жана тарыхый маанилүү жерлерди кыдыруу.

Ошондой эле маршрут ЮНЕСКОдун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген 15тен ашык жайларды, ошондой эле улуттук жана аймактык маанидеги объектилерди камтыйт.

“Бул туристтик маршрут Борбордук Азиянын маданиятына, тарыхына, искусствосуна жана табиятына кызыккан адамдар үчүн баалуу мүмкүнчүлүк болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.

Теги: туризм
Scroll to Top