Борбордук Азия – Монголия – Кавказ — Ооган биригүү жолдорун талкуулады

Борбордук Азия – Монголия – Кавказ — Ооган биригүү жолдорун талкуулады

Бишкекте өтүп жаткан САМСА (Борбордук Азия – Монголия – Кавказ — Ооганстан) форумуна 10дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Анда аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык, социалдык кызматташуусу талкууланды.

«Бул форум Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн дагы көрсөтөт. Негизи эле аймактагы өлкөлөр бул иш-чаранын алкагында өзүнү жана ар тараптуу кызматташуу жолдорун издешет», — дейт САМСАнын улуттук координатору Женни Жеңиш кызы.

Форумдун алкагында жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер катышкан көргөзмө өтүүдө.

Белгилей кетсек, САМСА — саясый эмес платформа. Форум аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн
илгерилетүүгө багытталган региондук талкууларды жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан, Монголия, Азербайжан, Армения жана Грузия кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого бириккен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>