Борбордук Азия өлкөлөрү учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) багытын жигердүү өнүктүрүп, эл аралык кызматташтыкты да жолго коюп, ошондой эле өздүк өндүрүшүн да ишке киргизүүдө.
Алсак, Казакстан 2024-жылы өзүнүн УУАларын өндүрө баштады, алар акырындык менен ар кандай ишканаларда колдонууга киргизилүүдө. Мындан тышкары, өлкө Түркия менен өз аймагында түрк өндүрүшүндөгү Anka-S учкучсуз аппараттарын өндүрүү боюнча келишимге кол койду.
Кыргызстан түрк өндүрүшүндөгү «Акынжы» жана «Аксунгур» учкучсуз аппараттарын сатып алды, ошондой эле Кытайдан, Германиядан жана БАЭден айрым УУАларды сатып алуулар тууралуу кабарланган.
Орусия да бул тармакта аймактагы өлкөлөр үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Тажикстанда Орусиянын 201-аскердик базасында 2019-жылдан бери орусиялык УУАлардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде «Форпост», «Орлан-10», «Леер-3», «Элерон», «Гранат» жана «Тахион» менен жабдылган учкучсуз авиация батальону түзүлгөн.
Мындан тышкары, Орусия менен Өзбекстан айыл чарбасында, шаардык логистикада жана экологиялык мониторингде колдонууга багытталган жарандык учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү тармагында кызматташтыкты активдештирүүдө. «Asia Today» МА маалыматы боюнча, бул кадам эки өлкөнүн тең технологиялык интеграцияга жана инновациялык өнөр жайды өнүктүрүүгө умтулуусун чагылдырат.