Боронов: Элдин коронавируска ишенбегендиги абалдын оорлошуна себеп болду

Боронов: Элдин коронавируска ишенбегендиги абалдын оорлошуна себеп болду

Коронавирус боюнча өлкөдөгү абалдын оорлошуп кеткендигине карата премьер-министр Кубатбек Боронов өзүнүн пикирин билдирди.  Өкмөт башчынын пикиринде, элдин илдетке ишенбей жүргөнү абалдын оорлошуп кетишине себеп болгон. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү”, — деген өкмөт башчы.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы мекендештерден дүрбөлөңгө түшпөөнү өтүнгөн.

29-июнда Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 адам каза болуп, бул оорудан улам өмүр менен кош айтышкандардын саны 50 адамга жетти. 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө жалпы 5 миң 17 адам коронавирус жуктуруп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>