БШК 8 млн 590 миң сомго шайлоого керектүү жабдыктарды ташытат. Бул боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Тендер 10-сентябрда аяктайт. Негизги жумуш 2600 комплект жабдыкты жеткирип, кайра ташып келиши керек.
Андан тышкары 2 млн. 499 сомго күйүүчү май алаары кабарланган. Бул бензин БШКнын кызматкерлеринин унаалары үчүн колдонулат.