Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
БШК бир мандаттуу округдар боюнча 321 талапкерди каттады
30.10.2021 | 09:53
Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдар боюнча 321 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин көбү Чүй облусунда 63 адам, эң азы Таласта 15 катталган. Шайлоого Баткен облусу боюнча 37 талапкер катышса, Ош облусунда 59, Жалал-Абад облусунда 50, Нарын облусунда 29, Ысык-Көл облусунда 41, Бишкек шаарында 27 талапкер катталды.
Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.
Жогорку Кеңештин 54 депутат партиялык тизме менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат