БШК: “kaktus.media” жана 24.kg  басылмасына айып салынды

БШК: “kaktus.media” жана 24.kg  басылмасына айып салынды

Шайлоо эрежесин бузган 3 сайтка айып салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.

“Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде эреже бузган 3 басылмага айып салынды. Алар “Кактус медиа”, “Чындык.кг, жана  24.kg  басылмалары. Буларга 5-категориядагы, 28500 сом өлчөмүндөгү айып салынды”, — деди Асаналиев. 

БШКга 8-июлдан 4-октябрга чейин шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча жалпы 142 арыз түшкөн. Анын 67си жарандардан келген. 

Аталган 142 арыздын 21и канаатандырылса, 74ү орунсуз деп табылган. Ал эми 12 арыз укуктук баа берүү үчүн укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.  14 арыз жөн гана маалымат катары келген. 2 арызды ээлери артка кайтарып алган. 18 түшүндүрүү, маалыматтык мүнөздөгү кат жөнөтүлгөн.

Тэги: шайлоо-2020

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>