8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалды
БШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска кирет
15.10.2025 | 21:06

Мамлекеттик кызматкерлер тарабынан административдик ресурсту колдонууга кирген аракеттерди БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев тизмектеди.
Анын айтымында, төмөнкү аракеттер админресурс катары каралышы мүмкүн:
- белгилүү бир талапкерге жай же залды бөлүп берүү;
- талапкерлерге агитация жүргүзүүдө тең эмес шарт түзүү;
- талапкерлердин сүрөт, видеолорун мессенджерлер аркылуу таратуу;
- социалдык тармактарда “лайк” басуу же репост жасоо;
- мамлекеттик органдын өкүлдөрү белгилүү бир талапкер менен гана жолугушуу өткөрүү.
«Эгер чогулуш өтө турган залды бир талапкерге арзан, экинчисине кымбат баада беришсе — бул да админресурска кирет. Мессенджерден видео же сүрөт кетирүү — агитация болуп эсептелет. Ал тургай жетекчи “лайк” басса, башкалар ээрчиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди агитацияга катышпоого чакырабыз», — деди Жылкыбаев “Биринчи радиого” берген маегинде.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом