БШКнын алдында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө — сүрөт

БШКнын алдында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө — сүрөт

Бүгүн, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев «Фейсбугуна» жарыялады.

Маалым болгондой, митингчилер парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүүнү, ошондой эле өлкөнүн Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө каршы чыгууну суранып жатышат.

Белгилей кетск, Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Көп өтпөй президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруу жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарыбнан кабыл алынып, парламенттик шайлоо 2021-жылдын жаз мезгилине жылган. Ал эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кийинки жылдын 10-январына белгиленген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>