Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бүгүнтөн баштап уй жана кой этинин баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
11.08.2025 | 10:44

Бүгүн, 11-августтан тартып Кыргызстанда уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Чара 90 календардык күнгө белгиленип, эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт. Бааны көзөмөлдөөнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жүргүзөт.
Чечим «Баалоо жөнүндө» мыйзамга жана министрлер кабинетинин социалдык мааниге ээ товарларга баа жөнгө салуу боюнча токтомдоруна ылайык кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар