Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Ак-Талаа районунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалды
11.08.2025 | 10:47

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 7-августта К. уулу Э. жана Ш. уулу Т. аттуу тургундар уруксат кагаздары жок кийик атып, жанында 1 даана ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык жана 3 даана балык уулоочу кайырма болгон.
Текшерүү учурунда тиешелүү документтер жеринде толтурулуп, кармалгандар жана далил буюмдар Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар