“Бул күндөр да өтөт” Ташиевдин абактагы Жапаровго жазган каты жарыяланды

“Бул күндөр да өтөт” Ташиевдин абактагы Жапаровго жазган каты жарыяланды

Камчыбек Ташиевдин абакта отурган Садыр Жапаровго жазган каты жарыяланды. Аны интернетке “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов чыгарды.

Ал катта эки саясатчынын чогу баскан жолу, ошол учурдагы бийликтин аларга карата адилетсиз чектөөлөрү жана Садыр Жапаровдун атасы тууралуу кеп болот.

Каттын текстин өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу досум Садыр!

Мен билбейм, бул катты окуганга сенин мүмкүнчүлүгүң болобу же жокпу, бирок, эгерде мен бугумду чыгарып албасам, анда карөзгөй бийликтин бүгүнкү «тыюу салган токтомун» бузуп салышым мүмкүн.

Ээ досум, убакытты карасаң кандай шуулдап өтүп жатат, 2005-жылы жаңы эле депутат болуп келип, чогулуп маектешип, мамлекет үчүн эч качан кыянаттык кылбайбыз, эл үчүн иштейбиз деп антташкан күн эсиңдеби, ошондон бери 12 жыл убакыт өтүптүр. Экөөбүз бирге 2 жолу депутат болуп шайландык, жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштедик, Кудайым күбө ошол антыбыздан жазбадык. Айрыкча парламентте ар түрдүү чечимдерди кабыл алган учурларыбызда сенин чабалактап, чуркап жүрүп мамлекеттин кызыкчылыгы деп күйпөлөктөгөнүң көз алдымда турат. Көптөгөн кыйынчылыктарды да бирге басып өттүк, эрдигибиз да, катачылыктарыбыз да болду, бирок мамлекеттик кызыкчылыкты эч нерсеге алмаштырбадык. Сен ушул иште үлгү болдуң! Бүгүнкү сага чыккан окумду угуп каңырыгым түтөдү, бул соттун өкүмү саясий өкүм, сенден өч алып жатышат, мен билем сен өмүрүңдүн акыркы мүнөтү калганча сынбайсың, кайраттуусуң, себеби сен мекенчилсиң!

Досум, сен күнөөлүү эмессиң, муну элдин баары билет жана сени колдошот.

Досум, аяш атама барып келдим, Атанын көзүндөгү муңду, кадимки кайратын көзүнө гана топтогон Атамды көрдүм, бир аз сыркоолоп калыптыр, бирок бир да тамчы жашын чыгарган жок, а мен азырга чейин жашып жүрөм.

Бул күндөр да өтүп кетет”.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>