Бул жеке менчик жер. Бишкек мэри ЦУМ жактагы ашыкча кабаттарды кантип түшүндүрдү
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» маалымат агенттигинин подкастына конок болуп, шаардыктардын эң курч суроолоруна: борбордогу чуулгандуу курулуштан жана бактарды кыюудан баштап, таштанды полигонунун тагдырына жана жеке жашоосуна чейин жооп берди. Биз калаа башчысы менен болгон ачык маектин негизги тезистерин топтодук.
«Уникалдуу долбоор» жана ашыкча кабаттар: ЦУМ жакта эмне болуп жатат?
Эң көп талкууланган темалардын бири ЦУМ менен ГУМдун ортосундагы масштабдуу курулуш (Old Bishkek долбоору) болду. Мэр бул долбоорду Бишкекте аналогу жок уникалдуу инфраструктуралык чечим деп атады.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууга жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 2 миллиард сомго бааланууда. Ошол эле учурда шаардык муниципалитет жаңычыл ыкманы колдонуп, шаардын тарыхында биринчи жолу унаа жолунун астындагы мейкиндикти аукцион аркылуу ижарага берген, бул бюджетке жыл сайын 7 миллион сомго чейин киреше түшүрүүнү камсыз кылат. Курулуш иштери ушул жылдын биринчи кварталында, жакынкы бир-үч айдын ичинде толугу менен аяктаары күтүлүүдө.
Жунушалиев «ашыкча» кабаттардын пайда болушуна жана бактардын кыйылышына байланыштуу курулуш катуу сынга кабылганын моюнга алды. Ал эмне үчүн мэрия мурда кийлигишпегенин түшүндүрдү: курулуш соода борборлоруна таандык жеке менчик жерде жүрүп жатат.
«Биз кийлигише алмак эмеспиз, бирок коомчулуктун сынынан кийин эскиздерди көтөрүп чыктык. Азыр куруучулар объекттерди долбоорго ылайык келтирүүдө», — деп ишендирди мэр.
Кыйылган бактардын ордуна бийиктиги 4–5 метр болгон ири көчөттөр отургузулууда.
Жашылдандыруу боюнча пландар
2026-жылы шаар 50 миң көчөт отургузууну пландап жатат. Өткөн жылдагы 1500 бак куурап калган кейиштүү тажрыйбаны эске алуу менен, эми көчөттөр алгач питомникте адаптациядан өткөрүлөт.
Эмне үчүн жер астына түшүштү: эстетика функционалга каршы
Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисинде стратегиянын өзгөрүшүнүн, тагыраагы, мурда убада кылынган жер үстүндөгү өтмөктөрдүн ордуна жер астындагы өтмөктөрдү кура башташканынын себебин кеңири түшүндүрдү. Мэрдин айтымында, үч жер үстүндөгү көпүрөнү куруу боюнча баштапкы план «Ачык асман» долбооруна карама-каршы келип калган. Шаардыктар бийликтин аракеттериндеги логикасыздыкты көрсөтүп, идеяны сынга алышкан: адегенде тоолордун көрүнүшү үчүн шаарды троллейбус зымдарынан тазалап, анан кайра панораманы массивдүү конструкциялар менен жабууну пландашкан.
Натыйжада муниципалитет иштерди тездетүү үчүн даяр блоктордун технологиясын колдонуу менен өтмөктөрдү жер астына түшүрүү чечимин кабыл алган. Калаа башчысы бул куруучулар үчүн чоң сыноо болгонун, себеби мындай тажрыйба борбор калаада СССР мезгилинен бери боло электигин моюнга алды. Жашоочулардын жер астындагы өтмөктөр «караңгы туннелдерге» айланат деген кооптонуусуна карабастан, мэрия ыңгайлуулукка жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүккө басым жасоодо.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мындай бир өтмөктүн баасы 32–34 млн сомдун тегерегинде өзгөрөт, бирок акыркы сметалар дагы такталууда. Ыкманы ийгиликтүү сыноо 2026-жылга дымактуу планды түзүүгө — Бишкек боюнча ушундай 20дан ашык жер астындагы өтмөктү курууга мүмкүндүк берди.
«Таштанды тоосу» жок болот
Мэр 2025-жылдын башкы жетишкендиги катары бюджеттик каражаттардын катышуусуз, инвестор тарабынан 95 млн долларга курулган таштанды кайра иштетүүчү заводдун ишке киришин атады. Завод буга чейин 49 миң тонна калдыктарды иштетип чыгып, шаарды таштанды коллапсынан сактап калды. 2026-жылы кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда эски полигонду жоюу башталат.
Жылдар бою борбордогу полигонду көзөмөлдөп келген көмүскө топтордун каршылык көрсөтүүсү жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, Айбек Жунушалиев кырдаалды драмалаштырбоого чакырды. Мэр «мафияны жеңүүчү» деген атакты өзүнө ыйгаруудан баш тартып, негизги тоскоолдуктар криминалдык териштирүүлөр эмес, бюрократия, документтерди жол-жоболоштурууну создуктуруу аракеттери жана долбоордун ийгилигине болгон толук ишенбөөчүлүк болгонун белгиледи.
«Заводго эч ким ишенген эмес. Чынын айтканда, башында мен өзүм да шектенгем. Ашыкча көйгөй жаратпаш үчүн баарын жаап-жашыруу аракеттери болгон», — деп мойнуна алды калаа башчысы.
Ошентсе да, мэр төмөнкү деңгээлде күч менен басым жасоо фактылары болгонун тастыктады. Криминалдык элементтер кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн полигондун кызматкерлерин коркутууга аракет кылып, мушташтарды жана өрттөөлөрдү (анын ичинде жакында дөңгөлөктөрдүн өрттөлүшүн) уюштурушкан. Бирок Жунушалиев бул окуяларды процессти токтото албаган «майда нерселер» деп атады. Ийгиликтин чечүүчү фактору катары ал Президенттин саясий эркин атады: мэрдин айтымында, анын түз көзөмөлү жана колдоосу болбосо, мындай масштабдагы долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес болчу.
Кадрлар баарын чечет
Жунушалиев мэриянын кызматкеринин жакында камакка алынышы жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин сыны боюнча комментарий берди.
Калаа башчысы жумушка алууда айыл өкмөтүнөн келген чиновниктин өтмүшүнө тийиштүү көңүл бурбаганы үчүн күнөөсүн моюнга алды. Окуядан кийин мэрияда кадрларды толук текшерүү жүргүзүлдү.
«Мен эч кимди калкалабайм (крышевать этпейм). Эгер кимдир бирөө мыйзамды бузса, жооп берет», — деп билдирди мэр.
Депутаттар менен мамиле: «кабинеттеги» макулдашуулар жана ачык сын
Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңеши (БШК) менен өз ара аракеттенүүнү «жумушчу процесс» деп мүнөздөп, мэрия менен депутаттык корпусту карама-каршы лагерлер эмес, шаарды башкаруунун бирдиктүү системасы катары кароого чакырды.
Калаа башчысы эл өкүлдөрүнүн сындаганга укугу бар экенин тааныды, бирок айрым чыр-чатактардын табияты боюнча маанилүү эскертүү жасады.
Мэрдин айтымында, аткаруу бийлиги айрым депутаттардын белгилүү бир талаптарын аткаруудан баш тартканда, конструктивдүү диалог кээде чабуулга айланып кетет.
«Беш кол тең бирдей эмес. Кээ бир депутаттардын сунуштарын аткарууга албаганыбызда, сынга жол ачылат. Мындай да болот: кабинетте бирди айтып, элге чыкканда башканы көрсөтүшөт», — деп белгиледи Жунушалиев, жалпысынан БШК менен кызматташтыкты кадимкидей жана жемиштүү деп баалай турганын кошумчалап.
Эске салсак, мэрдин шаардык кеңеш менен диалогу дайыма эле тынч нукта өтө бербейт. Мисалы, буга чейин БШК депутаты Казыбек Эргешов Айбек Жунушалиевди сессияларды системалуу түрдө көз жаздымда калтырууга жана «интрига токууга» ачык айыптаган. Эл өкүлү калаа башчысынын жыйындарга келбеши жана депутаттарды уккусу келбегендиги шаарды башкарууда — транспорт көйгөйлөрүнөн тартып экологияга чейин башаламандыкка алып келип жатканын билдирген.
Чыр-чатак Эргешов мэрди отчет алуу жана анын ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн чакырууну талап кылганга чейин жеткен. Кырдаалды муниципалдык инспекциядагы кадрдык дайындоолордун тегерегиндеги кайым айтышуу да курчуткан, анда Жунушалиев сынга жооп кылып, депутаттын өзүнүн ишинин натыйжалуулугуна шек келтирген.
Жеке жашоо: ипотека жана кызынын көз жашы
Мамлекеттик басылмага подкаст учурунда Айбек Жунушалиев, мурда Reporter.kg’ге айткандай эле, социалдык тармактардагы хейт (жек көрүү) анын үй-бүлөсүнө кандай таасир этери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ал өзү сынга көнүп калган, бирок жакындары, өзгөчө мектеп окуучусу болгон кыздары муну оор кабыл алышат.
Жеке жашоо жана турмуш-тиричилик маселелерине токтолуп, мэр Канттагы үйүн саткандан кийин Бишкекке көчүп келгенин жана азыр Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу алынган батирде жашап, насыяны жалпы негизде төлөп жатканын билдирди. Калаа башчысынын төрт баласы жана бир небереси бар, бош убакыт өтө сейрек болсо да, ал аны үй-бүлөсүнө арноого аракет кылат — жакында эле алар чогуу «Аватарды» көрүү үчүн кинотеатрга барышкан жана лыжа тебүүгө чыгышкан.