Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы Иранды 15:1 эсебинде жеңди
22.01.2026 | 17:32

Бишкек шаарында өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун (В тайпасы) алкагында Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) үчүнчү жеңишине жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
21-январда өткөн үчүнчү айлампанын алкагында Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен беттешип, 15:1 эсебинде утуп алды. Үч айлампанын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду ээледи.
Бүгүн, 22-январда саат 20:00дө Кыргызстандын курамасы Люксембургдун командасы менен беттешет.
Буга чейин улуттук курама Гонконгдун курама командасын 4:1 эсебинде, ал эми Түштүк Африканын командасын 7:2 эсебинде утуп алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт