Буту кесилген 14 жаштагы кыздын окуясы. Акыйкатчы мамлекеттик органдарга кайрылды

17.09.2025 | 13:24

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жарандардын, анын ичинде балдардын саламаттыгын сактоо жана сапаттуу медициналык жардам алуу укуктарын коргоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну С.З. 14 жаштагы кызынын буту ооруп, дарылоо натыйжа бербегендиги боюнча кайрылган. Кызды Улуттук госпиталга которгондо, консервативдүү дарылоо натыйжа бербей, бутту кесүү чечими кабыл алынган. Эне кызын Түркияга алып барып, бутун сактап калууга аракет жасаган, бирок тизеден ылдый кесүүгө туура келген. Бул процесс үчүн 60 миң доллар сарпталган жана 7 айда 10 операция жасалган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева төмөнкү чараларды көрүүнү сунуштады:

  • Саламаттык сактоо министрлиги: диагноз жана дарылоонун тууралыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү.
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги: психологиялык жардам көрсөтүү.
  • Агартуу министрлиги: онлайн окууга көмөк көрсөтүү.
  • Ички иштер министрлиги: арыз боюнча чаралар тууралуу маалымат берүү.
  • Түркиянын акыйкатчысы: медициналык анализдерди алуу боюнча жардам.

Акыйкатчы бул окуяны көзөмөлүнө алып, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Бул иш учурда Ленин РИИБинде каралууда.

Scroll to Top