Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан жарыяланган 2025-жылга карата Адамдын өнүгүүсү боюнча отчеттун акыркы көрсөткүчү боюнча Кыргызстан «Адамдык өнүгүүнүн жогорку индекси» категориясында позициясын сактап, 193 өлкөнүн жана аймактардын ичинен 117-орунда турат.
БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) 2025-жылга карата Адамдык өнүгүү боюнча глобалдык отчётун жарыялады. Отчёт жасалма интеллект (AI) жана санариптик технологиялар дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда адамдык өнүгүүгө кандай таасир этерин талдайт.
БУУӨП теңсиздик күчөп жатканын жана адамдык өнүгүүнүн темпи жайлап жатканын белгилеп, технологияларды адамдардын жыргалчылыгы үчүн колдонууга чакырат.
Кыргызстан билим берүү, саламаттыкты сактоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу аркылуу туруктуу прогресске жетүүдө. Өлкө 2023-жылы АӨИ боюнча “жогорку өнүгүү” категориясына кирип, гендердик теңчилик жана көп өлчөмдүү жакырчылыкты кыскартууда ийгиликке жетти.
БУУӨП Кыргызстан менен бирге санариптик трансформация аркылуу ар бир жаран үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантууда.