Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Бычак менен коркуткан. Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды
03.11.2022 | 13:11
Бишкекте каракчылыкка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-октябрда райондук милициясынын бөлүмүнө М.А. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен түнкү саат 02:30да Бобулов көчөсүндө, белгисиз жарандар бычак менен коркутуп “Айфон Х” телефонун тартып алганын билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 21 жаштагы Д.Б. аттуу жаранды кармаган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом