Бычак менен сайган. Жайыл районунда денеге оор зыян келтирүүгө шектелген жаран камалды

11.04.2022 | 17:19

Жайыл районунда ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 7-апрелинде Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетишкен.

Милиция кызматкерлери келгенде, ал адамдын өздүгү такталып, ал 1992-жылы туулган А.А. экени аныкталды.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча электрондук журналга катталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип, 1987-жылы туулган С.Д. кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка толугу менен эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Scroll to Top