Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Бүгүн Акжол Махмудов баштаган 5 балбан күрөшөт
15.04.2024 | 09:00
Бишкекте бүгүн Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Мелдештин биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг), Улан Муратбек уулу (55 кг), Дастан Кадыров (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Эрлан Манатбеков (130 кг) килемге чыгат.
Беттештер саат 11:00до башталат. Азия чемпионаты “Бишкек Аренада” өтүүдө.
Бишкекте 11-апрелде башталган мелдеш 16-апрелде жыйынтыкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар өттү. 15-16-апрелде грек-рим балбандыр күч сынашат.