Кыргызстан 9-майда аскердик жүрүш, “Өчпөс полк» дагы өткөрөт

Кыргызстан 9-майда аскердик жүрүш, “Өчпөс полк» дагы өткөрөт

9-майда Улуу-Ата Мекендик согуштун 79 жылдыгына карата борбор калаабыздагы Жеңиш паркында митинг –реквием болуп өтөт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Коргоо министрлиги билдирди.

Ага өлкө жетекчилиги жана Бишкек гарнизонунун аскерлери катышат.

«Аскерлердин салтанттуу саптык жүрүшү жана бул күнү “Өчпөс полк” эл аралык акциясы  дагы уюштурулат», — дейт Коргоо министрлиги.

Коргоо министрлиги Куралдуу Күчтөрдүн бардык аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде салтка айланган эрдик сабактары жана жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрөт.

Белгилей кетсек, Казакстан 9-майга карата Аскердик парадды бул жылы дагы өткөрбөйт. Өткөн жылы Казакстан бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында аскердик жүрүштөн баш тартары айтылган.

Ал эми Өзбекстан акыркы 3 жылдан бери Жеңиш күнүн анчейин белгилебейт. Бул өлкөдө 9-майда «Жеңиш күнү» жана «Эскертүү жана сый-урмат күнү» болот.

Тэги: 9-май

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>