Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт. «Ак шумкарлар» Азия кубогуна өтө алабы?

Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт. «Ак шумкарлар» Азия кубогуна өтө алабы?

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Оман менен беттеш өткөрөт.

Оюн Омандын Маскат шаарында өтүп, Бишкек убактысы менен саат 22:00до башталат.

Эскерте кетсек, бул тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан Малайзия, Оман жана Кытайлык Тайбэй менен D тайпасында бир жайгашкан. Учурда 12 упайы бар Оман сап башында, 10 упай алган Кыргызстан экинчи жана 7 упай жыйнаган Малайзия үчүнчү орунда турат. Кытайлык Тайбэйде бир да упай жок жана ал саптын аягында жайгашты.

Белгилүү болгондой, ар бир тайпадан биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар дүйнө чемпионатынын кийин баскычына жана Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгат. Мындан улам сап башында турган Омандын жолдомосу колунда десе болот. Эми экинчи жолдомону алууга Кыргызстан менен Малайзия ат салышат. Бирок кийинки баскычка чыгууга Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Себеби Малайзия жолдомого ээ болуу үчүн Тайбэй менен болгон оюнда, атаандаштарын өтө ири эсепте утушу керек болот. Мисалы, Кыргызстан Оманга 0:1 эсебинде утулду дегенде эле Оман Тайбэйди кеминде 7:0 менен жеңиши керек.

Ал эми Кыргызстан Оманды утса же тең чыкса эле, дароо Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө өтүп, дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын кийинки баскычына чыгат. Жеңилүү ызасын тарта турган болсо да Кыргызстан жолдомого ээ болот. Ал үчүн болгону аз эсеп менен жеңилиши керек жана Малайзия Кытайлык Тайбэйди аз эсеп менен утушу зарыл, тең чыгышы же утулушу кажет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>