Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери 27-ноябрда таңкы саат 8ден баштап токтоду.
Мыйзамга ылайык добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.
Шайлоо эртең мененки 8ден кечки сегизге чейин жүрөт.