Бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстанга Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Бишкекте Кыргыз-Венгер Стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өткөрүлүп, анда эки өлкөнүн ТИМ башчылары Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгын талкуулайт.