Быйыл 10 айда Өзбекстанга 1,1 млн кыргызстандык эс алууга барган

Быйыл 10 айда Өзбекстанга 1,1 млн кыргызстандык эс алууга барган

Быйыл январь-октябрь айларында Өзбекстанга 1,1 млн кыргызстандык эс алууга барган. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 10 айда Өзбекстанга туристтик максатта эң көп Казакстандын жарандары барган. Алардын саны 1 млн 255,4 миң кишиге жеткен.

Быйыл 10 айда Өзбекстанга жарандары көп барган өлкөлөр:

  • Казакстан – 1 млн 255,4 миң,
  • Тажикстан – 1 млн 116,1 миң,
  • Кыргызстан – 1 млн 100,5 миң,
  • Россия – 471 миң,
  • Түркия – 60,9 миң,
  • Түштүк Корея – 15,9 миң,
  • Германия – 15,9 миң,
  • АКШ– 11,5 миң,
  • Индия – 11,2 миң,
  • Франция – 10,1 миң,
  • Азербайжан – 8,4 миң,
  • Израиль – 10 миң,
  • Улуу Британия – 9,2 миң,
  • Италия – 7,9 миң,
  • Испания – 5,7 миң.

Кыргызстанга жарым жылда 1 млн өзбекстандык жаран эс алууга келген

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>