Өкмөт MegaCom’ду сатууну пландоодо

Өкмөт MegaCom’ду сатууну пландоодо

Келерки жылы «Альфа Телеком» (MegaCom соода маркасы) ишканасы сатыкка коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети тарабынан атайын программа бекитилип, ага ылайык 30га жакын ишкана жана ишканалардагы мамлекеттик үлүштөрдү сатуу пландалууда. Аларды сатуудан 17 млрд сом түшөрү күтүлүүлдө.

«Ал (программа — ред.) келерки аптада сиздердин кароого алынып келет. «Альфа Телеком» ЖАКсын келерки жылы сатуу пландалууда. Учурда баалоо иштери башталган. «Альфа Телеком» убагында 19 млрд сомго бааланган. Азыркы баасы 14-15 млрд сом болушу ыктымал. Так наркын баалоочу компания аныктайт. Калган каражат башка активтерди сатуудан түшүшү мүмкүн. «Керемет банк», «Кепилдик фонду», «Сарамжал Транс ЖЧКсындагы үлүшүбүз сатылат. Тизмеде баш-аягы 30га жакын (ишкананын аталышы — ред.) бар», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>