Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Быйыл 8 айда Кыргызстан Өзбекстандан 2,7 миң тонна өрүк сатып алган
09.10.2024 | 15:02
Быйыл 8 айда Кыргызстан Өзбекстандан 2,7 миң тонна өрүк сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Быйыл январь-август айларында Өзбекстан 14 өлкөгө 64,8 миң тонна өрүк саткан. Анын баасы 62,3 млн долларды түзгөн.
Кыргызстан Өзбекстандан өрүктү көп сатып алган 5 өлкөнүн катарына кирген:
— Россия – 51,5 миң тонна
— Казакстан – 8,1 миң тонна
— Кыргызстан – 2,7 миң тонна
— Азербайжан – 1,5 миң тонна
— Беларусь – 721 тонна
Рубрики: Жаңылыктар, Коом