Кыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилдиКР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледи
Быйыл Кыргызстан 195 миң тонна буудай сатып алат
13.10.2022 | 23:09
Быйыл Кыргызстанга 195 миң тоннага жакын буудай импорттолушу керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан быйыл буудайга болгон муктаждыгын 70-75% камсыз кылды. Республика боюнча жалпысынан 674 миң тонна буудай жыйналды.
«Быйылкы талап 869 миң тоннаны түзөт. Ал эми бул божомолдор кыргызстандыктардын жана Кыргызстанга келген коноктордун миграциясын эске алуу менен түзүлдү», – деди министр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика