Кыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койдуЕвропарламент Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу келишимди сентябрда карай тургандыгы айтылдыСадыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин Чолпон-Ата шаарында кабыл алды
Быйыл төрт айда 3,5 миң кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган
17.06.2024 | 17:32
Быйыл 4 айда 3 миң 546 кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттикн Статистика агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, быйыл январ-апрель айларында 32,5 миң чет элдик Өзбекстанга дарыланууга барган. Ал былтыр жылдын 4 айына караганда 9,8 миң адамга көп.
Кыргызстандыктар Өзбекстанга дарыланууга барган чет өлкөлүктөрдүн арасында үчүнчү орунда турат.
Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктер:
- Тажикстан — 24 миң 18 киши;
- Казакстан — 4 миң 1 адам;
- Кыргызстан — 3 миң 546 киши;
- Россия — 532 адам;
- Түркмөнстан — 300 киши;
- Түркия — 17 адам;
- Афганистан — 15 киши;
- Молдова — 5 адам;
- Украина — 5 киши;
- Беларусь — 3 адам;
- Башка өлкөлөр — 19 киши.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом