Быйыл Улуу Британияга Кыргызстандын 17 миң жараны иштөөгө барышы күтүлүүдө

Быйыл Улуу Британияга Кыргызстандын 17 миң жараны иштөөгө барышы күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстандын 17 миң жараны иштөө үчүн Улуу Британияга кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку КеңештинЭл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КРдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Улан Жусупов билдирди.

Анын айтымында, Улуу Британияга барып иштөөнү каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.

«Эгерде 2022-жылы бул өлкөгө 4,5 миң, 2023-жылы 7,5 миң жараныбыз иштөө үчүн кетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң адамга жеткен», — деп белгиледи элчи.

Ал кошумчалагандай, көпчүлүктү Улуу Британиядагы ыңгайлуу иштөө шарттары кызыктырат.

Депутат Алтынбек Кылычбаев Кыргызстандан келген эмгек мигранттары үчүн квоталардын санын көбөйтүүгө чакырды. «Биз алардын санын кеминде 17 миңге жеткиришибиз керек. Россиядагы абалды өзүңөр көрүп турасыңар, азыр көбү эмгек миграциясы үчүн жаңы өлкөлөрдү издеп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>