Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Былтыр 11 айда Кыргызстан 972,8 млн долларга алтын саткан
18.01.2024 | 16:53
Кыргызстан 2023-жылдын 11 айында чет жакка 15,5 тонна алтын экспорттоп, аны сатуудан 972,8 млн доллар акча түшкөн. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы Статистика комитетинин маалыматына таянып жазды.
Былтыр алтынды сатуудан түшкөн киреше 2022-жылга караганда 971,7 млн долларга көп болгон. 2022-жылы 1 млн 85,6 миң доллар гана акча түшкөн.
2023-жылы 11 айда сатылган алтындын көбү – 12,8 тонна Швейцарияга эскпорттолгон. Анын баасы 807 млн долларды түзгөн. Андан тышкары Гонконгго 85,2 млн долларга 1,4 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына 80,2 млн долларга 1,3 тонна алтын сатылган. Кыргызстандан алтын алган өлкөлөрдүн катарында Түркия да бар. Бул өлкөгө 341,7 миң долларга 5,6 алтын экспорттолгон.