Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңден ашык турист келерин күтүүдө

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңден ашык турист келерин күтүүдө

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын Астана шаарында 8-14-сентябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Туризм жана спорт министрлиги билдирди.

Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын адам катышат. Көчмөндөр оюндарынын алкагында ат чабыш, улуттук күрөш түрлөрү, жаа атуу, салттык интеллектуалдык жана башка бир катар оюндар боюнча мелдештер өтөт.

Аталган министрлик Көчмөндөр оюндарына 100 миңден ашык турист келет деп күтүүдө.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>