Бишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылдыЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бериштиОрмуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулатТажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталдыКыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдө
Былтыр өлкөдө 187 аял жана 185 бала өз жанын кыйган
21.05.2024 | 11:06
Былтыр 2022-жылга караганда үй-бүлөлүк зомбулук 32,6%га көбөйгөн. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынындагы баяндамасы учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 миң 880 учур катталса, 2023-жылы андай фактылар 13 миң 104кө жеткен (3 миң 224кө көбөйгөн же 32,6%га). Мурдагы жылы зомбулукка кабылгандарга 8 миң 225 коргоо ордери, 2023-жылы 10 миң 884 ордер берилген.
Былтыр Кыргызстанда 187 аял жана 185 бала өз жанын кыйган. Мындай кейиштүү көрүнүштөр көбүнчө үй-бүлөдөгү зомбулук менен байланыштырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом