Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт
Былтыр өлкөдө 187 аял жана 185 бала өз жанын кыйган
21.05.2024 | 11:06
Былтыр 2022-жылга караганда үй-бүлөлүк зомбулук 32,6%га көбөйгөн. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынындагы баяндамасы учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 миң 880 учур катталса, 2023-жылы андай фактылар 13 миң 104кө жеткен (3 миң 224кө көбөйгөн же 32,6%га). Мурдагы жылы зомбулукка кабылгандарга 8 миң 225 коргоо ордери, 2023-жылы 10 миң 884 ордер берилген.
Былтыр Кыргызстанда 187 аял жана 185 бала өз жанын кыйган. Мындай кейиштүү көрүнүштөр көбүнчө үй-бүлөдөгү зомбулук менен байланыштырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом