Быйыл алты айда «Яндекс Такси» мамлекеттик бюджетке 600 млнго жакын салык төктү

24.09.2025 | 17:25

Үстүбүздөгү жылдын алты айында «Яндекс Такси» кызматы мамлекеттик бюджетке 595 млн сом салык төктү. Ал эми 2024-жылы кызмат 472 млн сом салык төккөн. Бул тууралуу «Яндекс Кыргызстан» ишканасынын жетекчиси Тилек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы ишкана биринчи болуп рынокто «Google салыгын» төлөөнү баштаган. Ал эми 2023-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мыкты салык төлөөчү деп таанылган.

Тилек Сулайманов Салык кодексинин талаптарына ылайык, 1-сентябрдан тарта аталган кызмат Кыргызстанда салык агентинин функцияларын аткарат, ошондой эле айдоочулардын кирешесинен 1% киреше салыгын жана 1% социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап турарын билдирген. Бул салыктар жана төгүмдөр «Яндекс Таксинин» комиссиясы эмес, алар түздөн-түз мамлекеттин бюджетине которулат.

Scroll to Top