Быйыл дыйкандар кант кызылчасын заводго онлайн кезек менен тапшырууда

18.10.2025 | 11:00

Быйыл дыйкандар кант кызылчасын заводго тапшыруу үчүн электрондук түрдө кезекке тура башташты. Бул тууралуу «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдорунун директорлор кеңешинин мүчөсү Руслан Рафибеков билдирди.

Анын айтымында, учурда бул функция бир канча жылдан бери иштеп келе жаткан “Кабинет фермера” тиркемесине пилоттук түрдө киргизилген. Аталган тиркеме бир нече жыл мурун кант кызылчасын заводго тапшырган дыйкандардын ыңгайлуулугу үчүн түзүлгөн. Ошондой эле жыл сайын жаңыланууда.

“Буга чейин ар бир дыйкан заводго кирип-чыккан кант ташуучу унааны, ошондой эле кызылчанын салмагын, ылайлуулугун жана канттуулугун тиркемеден көрүп келген. Тиркеме аркылуу дыйкандар үйүнөн чыкпастан уруктарды алып, кайра өзүнүн кумшекерин сатыкка коюп келген. Быйыл биздин адистер электрондук кезекке туруу модулун иштеп чыгышты”,- деп билдирди ал.

Руслан Рафибеков бул жылы мындай функциянын киргизилишине былтыркы жылы жаралган узун кезек жана башаламандык себеп болгонун кошумчалады.

Кант кызылчасын 5 жылдан бери өстүрүп келе жаткан Адыл Асылбашев жакында гана аталган тиркемени колдоно баштаганын билдирди. Ал тиркеме ыңгайлуу экенин айтып өттү:

“Тиркемеде бүт баары кезек менен. Биз 15-октябрга кезекке жазылганбыз. Мурдагыдай заводдун астында турмай деген жок. Менин унаам кирди деп электрондук түрдө көрүп турабыз. Уруктарды да тиркемеден тандайбыз, анан завод алып келип берет. Азыр баары санариптешти, жылдан жылга өзгөрүп, жеңил болуп бара жатат”,- деп билдирди дыйкан.

Scroll to Top