Быйыл Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абад шаарында мамлекеттик деңгээлде белгиленет

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад шаарында өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Майрамдык иш-чарага 50 миңден ашуун коноктордун жана көрүүчүлөрдүн келүүсү күтүлүүдө. Ошондуктан ИИМдин ЖКККБ азыртан эле коомчулук арасында коопсуздук жана жол эрежелерин сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштады.
Жол коопсуздугун камсыздоо үчүн айдоочуларга төмөнкү эскертүүлөр берилди:
- Жол эрежелерин так сактоо;
- ылдамдыкты чектен ашырбоо;
- мас абалында транспорт каражатын башкарбоо;
- жөө жүргүнчүлөрдүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу.
ИИМдин ЖКККБ коомчулукту жолдо жоопкерчилик менен жүрүүгө чакырып, майрам учурунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында кошумча патрулдук кызматкерлерди жана техникаларды тартууну пландоодо.
Мамлекеттик майрам учурунда шаар ичинде жолдор убактылуу чектелиши мүмкүн. Ошондуктан айдоочулар жана жүргүнчүлөр альтернативдүү маршруттарды колдонууга чакырылат.
ИИМ ошондой эле майрам учурунда коомдук тартипти сактоого, массалык иш-чараларда коопсуздукту камсыздоого жана бардык коноктордун жана тургундардын коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл бурууда.