Күзүндө Токмокто “Muras” унаа чогултуучу заводдун курулушу башталат

22.08.2025 | 16:18

Быйыл күзүндө Токмок шаарында “Muras” автоунааларды ири түйүндүү чогултуучу заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов завод курула турган жер тилкесин бөлүп берүү тапшырмасын берген. Долбоордо завод 2026-жылдын жазында ишке киргизилери пландалган.

“Шаар жетекчилигинин демилгеси менен 2026-жылдан тартып жыл сайын 1500гө чейин унаа чыгарылып, 2035-жылга карата бул көрсөткүч 7000ден ашат. Болжолдорго ылайык, бул долбоордун аркасында өлкөнүн ИДПсы 1%га өсүп, 12 миңдей жумуш орду түзүлөт жана салык түшүүлөрү жылына 500 миллион сомдон ашат”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында жергиликтүү окуу жайлары менен келишимдер түзүлүп, техникалык билимге ээ болгон бүтүрүүчүлөр практика өтүп, кийинчерээк ишканадан туруктуу жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышары айтылды.

Scroll to Top