Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Быйыл өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшү 11,7%га өстү. Өсүү кайсы тармактарда байкалды?
16.07.2025 | 15:20
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га өскөн. Алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукт 711,2 миллиард сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү 1,7 эсеге көбөйгөн. Ал эми тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүү 44,0 пайызга өскөн.
Мындан тышкары өсүү төмөнкү тармактарда орун алган:
- Резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдары — 33,2%;
- Жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык продукциялар — 31,4%;
- Химиялык продукциялар — 24,5%;
- Тазаланган мунайзат продуктулары — 17%;
- Пайдалуу кендерди казуу — 10,8%га көбөйгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика