Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктадыУрмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалдыФормадагы «Саманчынын жолу»: ДКО үчүн Кыргызстандын курама командасынын образдары кантип жаратылганКыргызстандыктардын жашоосун өзгөртө турган ШКУнун 5 долбоору — экономисттин пикири
Өткөн жылы Кыргызстандын санкциялык тизмесине 39 адам киргизилген
16.07.2025 | 15:07
Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы 2024-жылы каржылык бузуулардын негизинде жалпы суммасы 1,8 миллиард сомдон ашкан каражаттарды тоңдуруп, операцияларды токтоткон. Бул тууралуу аталган кызматка шилтеме жасап, «Акчабар» каржы порталы жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы өлкөнүн Жыйынды санкциялык тизмесине 39 адам киргизилген. Тоңдурулган операциялардын суммасы 584,1 миң сомду түзгөн. Ошол эле учурда токтотулган операциялардын жалпы суммасы 1,24 миллиард сомдон ашкан.
Финансылык чалгын кызматына 2024-жылы жалпысынан 966,4 миң шектүү каржылык операциялар тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Анын ичинен:
- 952,1 миң кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого байланыштуу;
- 317 учур терроризмди каржылоого байланыштуу;
- 781,9 миң жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөр менен байланышкан операциялар;
- 25,3 миң операция мурда экономикалык кылмыштар же экстремизм боюнча соттолгон жарандар менен байланыштуу болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом