Чүйдө Honda Odyssey жол кырсыгына кабылып, айдоочу каза болду – видео

Чүйдө Honda Odyssey жол кырсыгына кабылып, айдоочу каза болду – видео

Аламүдүн районундагы ГЭС-5 конушунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 16-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында болгон.

Honda Odyssey унаасынын айдоочусу кардан улам рулга ээ боло албай калып, Nissan Almera унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Honda Odyssey унаасынын айдоочусу каза болуп, бул унаадагы 4 жүргүнчү жана экинчи унаанын айдоочусу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>